Алексей Маресеев

ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:

Алексей Маресеев

Советтер Союзунун Баатыры Алексей Маресеев 1916-жылы туулган. 1942-жылдын 4-апрелинде «Демьянский казан» деп аталган аймакта (Новгород областы) фашисттер менен салгылашууда Алексей Маресеевдин самолету атып түшүрүлүп, Алексей өзү да оор жарадар болгон. Бутунан жарадар болгон учкуч 18 күн бою фронтко сойлоп барган. Ооруканада анын эки буту кесилген. Бирок ал ооруканадан чыгып, кайра уча баштады. Согуш мезгилинде ал бардыгы болуп 86 жолу учуп, душмандын 11 самолётун атып түшүргөн: жарадар болгонго чейин төрт жолу жана жарадар болгондон кийин жети жолу.

Маресеев Борис Полевойдун «Чыныгы адамдын окуясы» романынын каарманынын прототиби болуп калды. Алексей Маресеев 2001-жылы каза болгон.

Комментарий калтыруу