Алтын Ордонун башкаруучусу Ботухон Киев шаарын басып алган күн

ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:

Бүгүн, 6-декабрда Алтын Ордонун башкаруучусу Ботухон Киев шаарын басып алган күн.

1240-жылы декабрда Ботухон Киевге жакындайт.

Хан кооз шаарды жок кылгысы келбей, шаардын тургундарына согушсуз багынып берүүнү сунуш кылган, бирок Киев эли өлгүчө согушууну чечишкен.

Киевди курчоого алуу көпкө созулуп, монголдор кол салганда анын бардык тургундары, жаш-карысы дебей шаарды коргоого чыгышкан.

Жылнаамачы кийин жазгандай, «бири миң менен, бири туман менен күрөшкөн».

Монголдор дубалды тешип өтүүчү куралдарды колдонуп, дубалдын жаракаларынан шаарды басып алышкан.

6-декабрда Киев элинин акыркы таянычы болгон Ушр чиркөөсү кыйрады.

Согуш учурунда монголдор карапайым калктын жарымынан көбүн кырып салышкан. Успенский, София собору, Троицкий чиркөөсү талкаланган.

Баскынчылар Берестоводогу Куткаруучу чиркөөсүн, Ирининский чиркөөсүн жана Киевдин дээрлик бардык дарбазаларын талкалашкан.

Комментарий калтыруу