Баланын суйлеген сезун педиатр Комаровский сунуш кылат

ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:

Баланын суйлеген сезун педиатр Комаровский сунуш кылат

Эки жашар баланын тилин чыгарыш керек. Үчүнчү туулган күнүнө карата бала орто эсеп менен 300 сөздү билип, түшүнүп, сүйлөй алышы керек. Белгилүү орус педиатры Комаровский ата-эне балага өз убагында жана эркин сүйлөөгө жардам берерин айтат.

Бул үчүн:
1. Балаңыз менен кош бойлуу кезиңизден баштап сүйлөшүңүз.
Кош бойлуулуктун 3-триместринде бала үндөрдү өтө сезгич келет. Мына ушул мезгилден тартып апасы же атасы баласы менен сылык-сыпаа сүйлөшүүнү адатка айлантып, классикалык музыканы коё бериши керек.

2. Жаңы төрөлгөн балаңыз менен дайыма сүйлөшүңүз.
ымыркай кезинен баштап эркин сүйлөгөн баланын сүйлөө оңой болот.

3. Баланын көзүнө сүйлө.
Ата-эне сүйлөп жатканда, бала анын эриндеринин кыймылын байкап, тилинин чыгышын жеңилдетет.

4. Балага көп суроолорду бериңиз.
Бала жооп бере албаса да, ага суроо берүүнү адат кылып алыңыз. Сиздин сурооңузга жооп берүү үчүн, анын психикалык жана сөздүк өнүгүүсү жакшырат.
Телефон жана компьютер оюндары баланын тилинин өнүгүшүн кескин түрдө жайлатат.

5. Балага жомокторду көп окуу.
Китептеги жаңы сөздөр, сөз айкаштары баланын тилин өнүктүрүүдө чоң роль ойнойт.

6. Бала менен же бала үчүн ырдаңыз.
Музыка жана ыр сүйлөө аппаратын өнүктүрөт.

7. Бала менен үзгүлтүксүз баарлашыңыз.
Тамактануу учурунда да балага жашылчалардын түсүн жана санын айтууга үндөсө болот. Көчөдө сиз бала менен курчап турган объектилерди жана пейзаждарды талдай аласыз.

8. Баланын тилинде сүйлөбө.
6 айдан кийин бала менен оозу ачылып "таттуу" сүйлөшүүдөн пайда жок. Бул баланын сүйлөөсүн кыйындатат.

Комментарий калтыруу