ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:
Башкы прокуратура Асалхонинин өлүмү боюнча кошумча маалымат берди
Социалдык тармактарда “Асалхони” деген ат менен таанымал инста-блогерди өз үйүндө өлтүрүп кетишкени тууралуу маалымат тараган.
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Үстүбүздөгү жылдын 18-мартында Яшнабад районунун Махтумкули көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен А.Х.нын жансыз денеси адам өлтүрүү белгилери менен табылган.
Бул факты боюнча Ташкент шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (Атайылап киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Жыйынтыгы кийинчерээк жарыяланат.