Бүткүл дүйнөлүк кулчулукка каршы күрөшүү күнү

ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:

Бүгүн, 2-декабрь Бүткүл дүйнөлүк кулчулукка каршы күрөшүү күнү

Бүткүл дүйнөлүк кулчулукка каршы күрөшүү күнү жыл сайын 2-декабрда белгиленет.

Дал ушул күнү БУУнун Башкы ассамблеясы адам сатууга каршы конвенцияны кабыл алган.

Кулчулукка каршы күрөш бул концепциянын эң башынан бери жүрүп келет.

Бирок тарыхта кулчулук түшүнүгү нормага айланган мезгилдер болгон. Бүгүнкү күндө кулчулук дүйнө жүзүндө тыюу салынганы менен толук жоюла элек.

Бул датада коомчулуктун көңүлү мажбурлап иштетүү, сексуалдык кулчулук, мажбурлап никеге туруу, кыз сатуу, балдарга карата зордук-зомбулук жана аларды аскердик жаңжалдар учурунда колдонуу, адам сатуу маселелерине бурулууда.

Комментарий калтыруу