ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:
Криштиану Роналду Манчестер Юнайтедде канча айлык алат?
Англиянын "Манчестер Юнайтед" клубу Криштиану Роналдунун трансферин жарыялады.
36 жаштагы португалиялык чабуулчу "кызыл шайтандар" менен 2023-жылга чейин келишим түздү. Криштиану англиялык клубда жылына 25 миллион фунт маяна алат. Трансфер баасы 25 миллион еврого бааланууда.
Белгилей кетсек, Роналду клубда 2003 -жылдан 2009 -жылга чейин ойногон.