Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын байлыгы канча?

ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын байлыгы канча?

Ким Чен Ын – Түндүк Кореянын лидери, ал өзүнүн коркутуу сөздөрү менен коомчулуктун назарында (https://youtu.be/TYIov2QjgYU).

Өлкө экономикалык жактан жакыр болгону менен өлкө башчысынын жеке күзөтчүлөрүнүн саны 25 миңдин тегерегинде жана анын Гавайи аралдарында жеке аралы жана өлкөнүн ар кайсы аймактарында заңгыраган сарайлары бар.

Өлкө башчысынын тамак-ашына жылына 1 миллион доллар сарпталат. Музыкалык аспаптар жана сааттар коллекциясынын баасы 500 миллион долларга бааланат. Ошондой эле асыл тукум жылкылардын баасы 584 миң долларды түзөт.

Парктын курамында 1,5 миллион долларлык брондолгон Mercedes-Maybach, 2 миллион долларлык Rolls Royce Phantom жана башка жүздөгөн кымбат баалуу унаалар бар. Ал ошондой эле 7 миллион долларлык королдук яхтага, учакка жана вагондорго ээ.

Анын жалпы байлыгы 5 миллиард долларга бааланат.

Комментарий калтыруу