ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:
Чачтын түшүшүнө эмне себеп болот?
➥ Чачтын азайышы же толук түшүшү алопеция деп аталат. Бул оору 50 жаштан кийин эркектерде, менопаузадан кийин аялдарда көп кездешет.
➥ Чачтын түшүүсүнүн себептери: стресс, дарылар, эндокриндик оорулар, радиация, инфекциялык оорулар, гормоналдык бузулуулар, чач талчасынын жана теринин грибоктук оорулары.
➥Себептерин жоюу ооруну дарылоодо маанилүү роль ойнойт. Трихолог, эндокринолог, дерматолог, инфекционист жана башка адистер керек.