Абитуриенттер тестирлөөгө кандай документти алып келиши керек?

ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:

❗️Тестке катышуу үчүн абитуриенттер кандай документ менен барышы керек?

✅ Абитуриенттер тестирлөөгө "Абитуриенттин уруксаты" жана өздүгүн тастыктаган документи менен барышы керек.

⚡️Абитуриенттер тестке өздүгүн тастыктаган төмөнкү документтер менен катыша алышат:

👉 жөнөкөй (жашыл) паспорт

👉 ID карта;

👉 Чет өлкөгө чыгуу үчүн паспорт (кызыл түс);

👉 Аскер кызматчылары үчүн аскердик билет (аскерде иштебегендерге жарабайт).

✅ Сынакка бул документтердин каалаганы жана абитуриенттин уруксаты менен келе аласыз.

Комментарий калтыруу