ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:
🔴 Адамдын соттуулугу качан токтотулат?
❗️Адамдын соттуулугу төмөнкү мөөнөттөрдүн ичинде токтотулат;
✅ сыноо мөөнөтү аяктагандар үчүн - сыноо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып;
✅ милдеттүү коомдук жумуштар, кызмат өтөө боюнча чектөө же дисциплинардык бөлүмгө которуу түрүндөгү жазаны өтөгөндөн кийин;
✅ айып өндүрүлгөн күндөн кийин, ошондой эле белгилүү бир укуктан ажыратуу же түзөтүү жумуштарына жазаны өтөгөндөн кийин 1 жыл;
✅ эркиндигин чектөө жазасын өтөгөндөн кийин - 2 жылдан кийин;
✅ беш жылдан ашык эмес жаза мөөнөтүн өтөгөндөн кийин - 4 жылдан кийин;
✅ беш жылдан ашык, бирок он жылдан ашык эмес жаза мөөнөтүн өтөгөндөн кийин - 7 жылдан кийин;
✅ Он жылдан ашык, бирок он беш жылдан ашык эмес жаза мөөнөтүн өтөгөндөн кийин - 10 жылдан кийин.
❗️Соттуулугу жоюлган же токтотулган адам соттолгон эмес деп эсептелет.