Антациддер

ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:

🌊 Антациддер 🌊
Курамында негизинен кальций жана магний крабонаты бар препараттар ашказандагы туз кислотасы менен реакцияга кирип, туз кислотасын кадимки сууга (HCL> H²O) айландырышат.Бул процесс нейтралдаштыруу деп аталат.
Антациддерге төмөнкүлөр кирет:
💊 Маалоктор - чайналуучу таблеткалар жана ичүүгө даяр суспензия түрүндө.
💊 Ренни - таблетка, апельсин жана ментол даамдуу.
💧 Simalgel - сироп.
💧 Алмагель (А, нео) - сироп.
💧 Фосфалугель - суспензия.
Ашказанда өтө көп кислота пайда болгондо ашказан былжыр челинин корголгон табигый былжырлуу тосмосу бузулуп, ооруну жана кыжырданууну пайда кылат.
Мындан тышкары, кычкылдык рефлюкс пайда болушу мүмкүн, бул ооруну жана кызыл өңгөчтүн бузулушуна алып келиши мүмкүн. Антациддердин курамында щелочтуу иондор бар, алар ашказандын кычкылдыгын химиялык жактан нейтралдаштырат, ашказандын былжыр челинин жана кызыл өңгөчтүн бузулушун азайтат, ооруну басаңдатат.
⚠️ Антациддер кислота секрециясын түздөн-түз бөгөттөбөйт жана ошондуктан H2 рецепторлорунун антагонисттери же протон насосунун блокаторлору сыяктуу кислотаны азайтуучу дарылардан айырмаланат.
Антациддер ашказан жарасынын көбүн пайда кылган Helicobacter pylorix бактерияларын өлтүрбөйт.
👉 Учурда сатылып жаткан антациддердин курамында алюминий, кальций, магний же натрий туздары бар. Кээ бир дарылар магний карбонаты жана алюминий гидроксиди сыяктуу эки туздун айкалышын камтыйт.

Комментарий калтыруу