Мөөнөттүү Аскердик Кызматка КИМДЕР ТАЛАП АЛБАЙТ

ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:

Мөөнөттүү Аскердик Кызматка КИМДЕР ТАЛАП АЛБАЙТ

⚡️Суроо:
Кандай учурларда жаран аскердик кызматтан бошотулушу мүмкүн?

⚡️Жооп:
2002-жылы кабыл алынган № 436-II Мыйзамынын 22-беренесине ылайык,

❗️Тынчтык мезгилинде кезектеги аскердик кызматка жана мобилизациялык чакыруу резервинде кызмат өтөөгө төмөнкүлөр бошотулат:

👉 1) ден соолугуна байланыштуу аскердик кызматка жараксыз деп табылган аскерге милдеттүүлөр;

👉 2) аскердик кызмат өтөөгө макул болбосо, жакын туугандары (агалары, эже-карындаштары) аскер кызматын өтөө учурунда курман болгон же каза болгон аскерге милдеттүүлөр;

👉 3) катталган диний уюмдардын биринде диний наамы бар аскерге милдеттүүлөр.

👉4) Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылган, ошондой эле соттолгондугу бүтө элек же соттолгондугу алынып салынбаган жарандар аскердик кызматка чакырылбайт.

Комментарий калтыруу