Дүйнөдөгү эң тар көчө

ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:

Дүйнөдөгү эң тар көчө

Гиннестин рекорддор китебине ылайык, дүйнөдөгү эң тар көчө Германиянын Ройтлинген шаарында жайгашкан. Көчөнүн эң тар жери 31 сантиметр, эң туурасы 50 сантиметрди түзөт. Бул көчө 1726-жылы шаардагы ири өрттүн кесепетинен талкаланган шаарды калыбына келтирүү учурунда курулуп, 1727-жылы расмий каттоодон өткөн. Көчө Шпройерхофштрассе деп аталат.

Ал 1820-жылы коомдук көчө катары пайдаланууга берилип, 2007-жылы Гиннесстин рекорддор китебине кирген. Аллеяга көбүнчө АКШдан жана Азиядан туристтер келишет, бирок тыгын пайда болушу мүмкүн болгондуктан, бул көчөдө басуу сунушталбайт. Көчөнүн эки тарабында бири-бирине жакын салынган эки үй бар.

Комментарий калтыруу