Кандай жагдайларда баланы бешикке салуу сунушталбайт

ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:

❓Кандай учурларда баланы бешикке салуу сунушталбайт же такыр баш тартууга болбойт?

📌 Жамбаштын дисплазиясы же жамбашынын тубаса чыгышы менен төрөлгөн балдарды бешикке салуу сунушталбайт. Анткени бешик процессти кыйындатып, баланын сакайып кетиши кечеңдейт. Андыктан бул ооруларда баланын буттарын кенен ачык калтыруу сунушталат.

Тубаса жүрөк кемтиги (Фаллот тетрада) менен төрөлгөн балдарды бешикке салуу сунушталбайт. Анткени аларда дем алуу жана кычкылтек көйгөйлөрү болот.

Төрөт травмасы (айрыкча мээ ичиндеги гематома жана цефалогематома) менен төрөлгөн балдарды бешикке салуу сунушталбайт. Баш сөөктүн ичиндеги басым жогору, титирөө учурунда бала абдан тынчы кетип, жагымсыз кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

© Доктор Мухторов

Комментарий калтыруу