Көздү трансплантациялоого болобу?

ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:

Көптөгөн органдарды трансплантациялоого мүмкүн болгон учурда көздү алмаштырууга болобу?

Ооруканада көзү көрбөгөн көптөгөн бейтаптарга жакындары бир көзүмдү уулума (апасы, кызы же атасына) берем деп айтышат.

Бирок көз мээнин бир бөлүгү болгон орган болгондуктан, бүгүнкү күндө дүйнөдө көздү алмаштыруу практикасы дагы деле жок.

Ошого карабастан, илимпоздор «БИОНИК» протездерин ойлоп табышты, анда жасалма көз жана анын чиптери көз алмасына салынып, ал аркылуу адам жарым-жартылай көрө алат (формаларды, түстөрдү жана жарыкты).

Окумуштуулар бул технологияны андан ары өркүндөтүүнүн үстүндө иштеп жатышат жана жакынкы келечекте алардан бейтаптарды ого бетер бактылуу кылуу үчүн чоң инновацияларды жасоону күтөбүз👁️

Ден соолукка кайдыгер карабаңыз, убагында дарыгерге кайрылыңыз, анда кеч болуп калышы мүмкүн❗️

@oculomotori

Комментарий калтыруу