ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:
Өзбекстан 2022-жылдын эң мыкты шахмат өлкөсү деп табылды
Өзбекстан жылдын мыкты шахмат өлкөсү деп өзбек шахматчыларынын эл аралык аренадагы сенсациялуу жеңиштеринен кийин таанылды (https://t.me/alisher_sadullaev/3457).
Нидерландияда өткөн эл аралык турнирдин жыйынтыгында Нодирбек Абдусатторов менен Жавахир Синдоров жылдын мыкты шахмат өлкөсүнө ыйгарылган "Тур Д'ор" - "Алтын мунара" байгесин алышты. Атактуу француз гроссмейстер Башар Куатли Өзбекстандын шахмат федерациясына Европанын шахмат байгесин тапшырды.