10-январь Японияда 110 саны майрам күнү.

ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:

10-январь Японияда 110 саны майрам күнү.

Жапон адистеринин айтымында, мындай чалуу Кунчикар өлкөсүндө болжол менен үч жарым секундада бир жолу жаңырат. Башкача айтканда, Япониянын ар бир 14 жараны кырсык тууралуу билдирүү жөнөткөндөн кийин полициянын адистеринен коргоого үмүттөнөт. Бүгүнкү күндө ар бир телефон кабинасына жазылган 110 саны расмий эмес күн катары белгиленип келет. Бул сан Япониядагы ар бир жаш балага абдан тааныш. 110 номери 1948-жылы Кунчыгар өлкөсүндө иштей баштаган. Алгач бул кызматтын түрү Токио, Осака, Киото, Кобе, Йокогома, Кавасаки, Нагоя жана Фукуока сыяктуу ири шаарларда киргизилген. Алгачкы күндөрү 110 жана 1110 номурлары терилсе, 1954-жылдын 1-июлунда жаңы милиция мыйзамы кабыл алынгандан кийин бир гана номер — 110 терилген.

Комментарий калтыруу