11-январь Меккенин каратылган күнү

ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:

11-январь Меккенин каратылган күнү

630-жылы 11-январда Мухаммед пайгамбар с. жетектеген мусулмандар тарабынан Мекке шаары каратылган

Меккеге каршы жортуулга Меккелик курайштардын Худайбия тынчтык келишимин бузуусу себеп болгон.

Мусулмандар Меккеге киргенге чейин эч кандай каршылык көрсөтүшкөн жок, бирок Халид ибн Валид Курайштын Сафван ибн Умайя, Сухайл ибн Амр жана Икрима ибн Абу Жахл сыяктуу бир тобуна туш болгон.

Согуштун натыйжасында 12 курайш өлтүрүлгөн, мусулмандардан Карз ибн Жабир жана Хубайш ибн Халид өлтүрүлгөн.

Фатихтен кийин Расулуллах с.а.в. Каабанын жанындагы буттардын баарын талкалап, Каабаны төөсүнө буруп, эки рекет намаз окуду.

Меккеликтердин антын кабыл алып, он беш күндөн кийин Хунайнге каршы аттанат.

Уттаба ибн Усайд менен Муаз ибн Жабал Меккеге валий болушту.

Комментарий калтыруу