ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:
Бүгүн, 28-августта немис жазуучусу Иоганн Вольфганг Гётенин туулган күнү.
Немис жазуучусу Иоганн Вольфганг Гёте 1749-жылы 28-августта Франкфурт-Майн шаарында туулган. Ойчул жаңы доордогу немис адабиятынын негиздөөчүсү.
Чыгармачылыгын 18-кылымдын 70-80-жылдарында Германияда болгон «Бороон жана чабуул» адабий агымына катышуудан баштаган.
Бул мезгилде Гёте 1773-жылы «Гес фон Берлихинген», 1773-жылы «Прометей» сыяктуу драмаларды жана лирикалык поэмаларды жазган.
Жазуучунун адабий чыгармачылыгынын биринчи мезгилине таандык 1774-жылы жазылган «Жаш Вертердин кайгысы» романы ошол кездеги немис адабиятында чоң окуя болгон.
1779-1781, 1788-жылы «Ифигения Таврияда», 1788-жылы «Эгмонт», 1780-1789-жылдары «Торкуато Тассо» сыяктуу драмаларды жазган. 1811-1833-жылдары «Поэзия жана чындык» автобиографиялык китеби, 1793-1796-ж. «Вильгельм Мейстердин окуу жылдары», 1821-1829-жылдардагы «Вильгельм Мейстердин кайгылуу жылдары» романдарында мамиле маселеси чагылдырылган.