Борбордук Азиянын улуу аялдары

ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:

Борбордук Азиянын улуу аялдары

1. Назипа Кулжанова

Назипа Кулжанова – педагог, этнограф, котормочу, казакстандык биринчи журналист айым. «Мектепке чейинки билим берүү», «Эне жана бала» китептеринин автору. Анын эмгектери бүгүнкү күндө да маанисин жогото элек.

2. Софья Хакимова

Софья Хакимова 33 жашында медицина илимдеринин доктору наамын алган биринчи тажикстандык аял. Тажикстандын илимине салым кошкон коомдук ишмер. Дүйшөмбүдөгү төрөт үйүндө биринчи адам генетика лабораториясын ачты.

3. Балжан Бултрикова

Балжан Бултрикова Казакстандын биринчи тышкы иштер министри, Казакстандан БУУнун форумуна катышкан биринчи аял дипломаты.

4. Хадижа Сулайманова

Хадича Сулайманова юридика илимдеринин доктору, Өзбек ССРинин юстиция министри жана өзбек тилиндеги кылмыш укугу боюнча биринчи окуу китебинин автору.

5. Дилбар Абдурахманова

Дилбар Абдурахманова Өзбекстанда эле эмес, Борбор Азиядагы биринчи аял дирижер болуп эсептелет. Анын репертуарында 60тан ашык опера жана балет спектаклдери бар.

6. Асал Сартбаева

Асал Сартбаева Борбор Азиядагы таанылган алгачкы аял окумуштуулардын бири. Ал вакциналарды кремний менен каптоо ыкмасын ойлоп тапкан. Бул медициналык буюмдарды тоңдурбай сактоого мүмкүндүк берет. Бул бүткүл адамзат үчүн маанилүү ойлоп табуу жана бүгүнкү күндө көптөгөн вакциналар муздаткычта сакталбаса, бузулуп же уулуу болуп калышы мүмкүн.

7. Сайра Кизбаева

Сайра Кизбаева Кыргыз ССРинин эл артисти, опера, коомдук ишмер, педагог, профессор. Анын доору кыргыз опера искусствосунда «алтын мезгил» катары эсте калды.

@Page13

Комментарий калтыруу