Бүгүн, 11-ноябрь - Эл аралык энергия үнөмдөө күнү

ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:

Бүгүн, 11-ноябрь - Эл аралык энергия үнөмдөө күнү

“Ресурстарды жана энергияны пайдалануу мектеби” (SPARE) эл аралык экологиялык тармагынын демилгеси менен 11-ноябрь Энергияны үнөмдөө күнү деп жарыяланган.
Бул майрамды уюштуруу чечими 2008-жылдын апрель айында Казакстанда өткөн SPARE координаторлорунун эл аралык жолугушуусунда кабыл алынган.
Ал эми 2008-жылдын ноябрь айында дүйнөдө биринчи жолу энергияны үнөмдөө күнү белгиленди. Бул майрам эл аралык статуска ээ болду, анткени долбоорго 20га жакын мамлекет катышууну каалаган.
Майрамдын негизги максаты - бийлик менен коомчулуктун көңүлүн ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө буруу.
Энергияны үнөмдөө маселеси биринчи караганда көрүнгөндөн алда канча терең. Анткени энергияны үнөмдөө айлана-чөйрөнүн булганышын азайтат.

Комментарий калтыруу