Организмде туз көбөйгөнүн кантип билсе болот?

ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:

Организмде туз көбөйгөнүн кантип билсе болот?

- Сууну тез-тез ичүүнү каалайсыз;
- Шишик пайда болот. Шишик негизинен манжалардын же буттун муундарында, бетинде пайда болот;
- Жашылчалар, нан, жарма жана башка жөнөкөй тамактар ​​сизге даамсыз көрүнөт;
- Кан басымы көтөрүлөт.

Тузду көп жегенде организмде натрий топтолуп, кан басымынын туруктуу жогорулашына алып келиши мүмкүн. Бул жүрөк оорулары жана инсульт коркунучун жогорулатат.

ДСУ суткасына 5 граммдан ашпаган тузду колдонууну сунуштайт. Британиянын Улуттук Саламаттыкты сактоо кызматы уруксат берилген өлчөмдө 6 граммга чейин деп билдирди. Бул бир чай кашык дегенди билдирет.

Комментарий калтыруу