Месси Париждеги үйдү "ижарага" алат. Ижара акысы канча?

ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:

Месси Париждеги үйдү "ижарага" алат. Ижара акысы канча?

ПСЖнын чабуулчусу Лионель Месси Парижден үй тапты. Учурда оюнчунун үй -бүлөсү мейманканада жашашат, бирок жакында Месси шаардын эң престиждүү аймактарынын биринен үйдү ижарага алат. RMC Sport билдиргендей, ижара акысы айына 20 миң евродон ашпайт.

Мессинин жаңы үйү эки кабаттуу жана жалпы аянты 300 чарчы метр. Үйдүн ичинде төрт уктоочу бөлмө жана сыртында кичинекей бак бар. Белгилей кетсек, Мессинин кошуналары аргентиналык Анхель Ди Мария жана Леандро Паредес.