Студент төмөнкү учурларда жогорку окуу жайынан чыгарылат

ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:

Студент төмөнкү учурларда жогорку окуу жайынан чыгарылат:

а) каалоосу боюнча;
б) окуусун башка окуу жайына которууга байланыштуу;
в) ден соолугуна байланыштуу (медициналык комиссиянын корутундусунун негизинде);
ж) окуу тартибин жана жогорку окуу жайдын ички тартибин бузгандыгы үчүн;
г) жүйөлүү себептерсиз бир семестрде 74 сааттан ашык сабактарды калтыргандыгы үчүн;
д) окуу акысын өз убагында төлөбөгөндүктөн (акы төлөнүүчү контракт боюнча окуган студенттер үчүн);
к) студенттин сот тарабынан эркиндигинен ажыратылышына байланыштуу;
з) өлүмгө байланыштуу.

Аскердик кызмат өтөө, ден соолугун чыңдоо, кош бойлуулук жана төрөт боюнча, ошондой эле баланы багуу боюнча өргүү учурунда студентке Жогорку жана атайын орто билим берүү министрлиги бекиткен тартипте академиялык өргүү берилиши мүмкүн.

‼️ Белгиленген мөөнөттө предметтерди өздөштүрө албаган студент (академиялык карыз) ЖОЖдун ректорунун буйругу менен окуудан чыгарылат.

Академиялык карыздын айынан курстан чыгып калган студент төмөнкү курстун академиялык семестринин башталышынан тартып окуусун төлөм-контракттык негизде баштаса болот.

Комментарий калтыруу