ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:
Ымыркайлардын ээгинин титиреп калышы нормалдуубу?
Эгин титирөө 3 айга чейинки ымыркайларда нормалдуу көрүнүш. Эгин титирөө көбүнчө тамактандырууда (эмчек эмизгенде) же жуунганда, ыйлаганда, кээде уктап жатканда пайда болот. Ал эми 3 айдан ашкан балдарда неврологиялык жетилбегендиктин белгиси же патологиялык абал болушу мүмкүн.
Эгин титирөөнүн физиологиялык жана патологиялык себептери:
▪️Физиологиялык титирөө 3 айга чейинки балдарга мүнөздүү. Ал негизинен эрте төрөлгөн ымыркайларда кездешет. Себептери: гормондордун таасири, ачкачылык, бөлмө температурасында дискомфорт, жаркыраган жарык, катуу ызы-чуу, дененин абалын кескин өзгөртүү, ооруну сезүү.
▪️Патологиялык ээктин титирөөсүнө мээнин гипоксиясы, баш ичиндеги басымдын жогорулашы, калкан безинин оорулары жана башка бузулуулар себеп болушу мүмкүн.
© Доктор Мухторов