ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:
АЙЫЛ ЖЕРДЕН ТУРАК-ЖАЙ АЛУУ ҮЧҮН ҮЙ-БҮЛӨНҮН КИРЕШЕСИ КАНЧА БОЛУШУ КЕРЕК?
⚡️СУРОО;
Мен айыл жеринде жашайм. Мен жашаган жеримден субсидиялуу түрдө үй алам десем, үй-бүлөмдүн жалпы айлык кирешеси канча болушу керек?
⚡️ЖООП;
Министрлер Кабинетинин 25.03.2020-жылдагы № 182 токтому менен бекитилген Жобого ылайык, жарандардын турак жай сатып алуусунда мамлекеттик бюджеттен субсидия бөлүү үчүн үй-бүлөнүн орточо айлык кирешеси:
✅ Айыл жергесинде - Минималдуу эмгек акы (822 000) 3,0 эседен (2 466 000) кем эмес жана 6,9 эседен (5 671 800) ашпоого тийиш.
✅ Бул сиз жашаган жериңизден жеңилдетилген негизде турак жай алуу үчүн үй-бүлөңүздүн жалпы айлык кирешеси 2 466 000 сумдан 5 671 800 сумга чейин болушу керек дегенди билдирет.