БИР ҮЙ-БҮЛӨ 2 ҮЙ АЛУУСУ МҮМКҮНБҮ?

ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:

БИР ҮЙ-БҮЛӨ 2 ҮЙ АЛУУСУ МҮМКҮНБҮ?

⚡️СУРОО;
Биз буга чейин субсидия аркылуу турак-жай алганбыз. Бирок буга чейинки субсидияны жолдошумдун атына алган. Менин суроом, турак-жайга берилген субсидиялардан менин атымды алса болобу?

⚡️ЖООП;
Министрлер Кабинетинин № 182 токтому менен бекитилген жободо жарандарга турак жай субсидияларынан баш тартуунун себептери көрсөтүлөт, ага ылайык, мурда шаар жана айыл жерлеринде арзан турак жайларды куруу боюнча программалардын алкагында квартира же Жекече турак-жай жана субсидия алган уй-буле мучелеру (күйөөсү, аялы) (мурда алынган турак-жай башка адамга ээликтен ажыратылса да) кайталап кайрылса, арыз четке кагыла тургандыгы белгиленген.

✏️ Мындан түшүнсө болот, эгерде турак жай субсидиясы мурда сизге, сиздин жубайыңызга берилген болсо, эгерде сиздин жубайыңызга берилген болсо, сиз бул артыкчылыктан кайра пайдалана албайсыз. Мурда сатып алган үйүңүзгө ээ болбосоңуз да, үй ээлери алмашкан күндө дагы сизге турак жай субсидиясы кайра берилбейт. Кантсе да тиги үй деп ушул пункттардын ордуна 44 себепти келтирсеңер пайда жок....

Комментарий калтыруу