Балдарга жөлөкпул алууда үй-бүлөгө кимдер кирет?

ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:

🢟 Балдарга жөлөк пул алууда үй-бүлөгө кимдер кирет?

суроо; Кошунага алимент алайын десем кайын атамдын пенсиясы бар, бирок алимент албайсың деп арызымды кабыл албай койду го?

жооп; Өкмөттүн No654 токтому менен бекитилген жобого ылайык никеси жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында балдарга жөлөкпул же материалдык жардам алуу үчүн катталган жубайлар жана алар менен чогуу жашаган балдары жана алардын багуусунда турган адамдар (анын ичинде камкордукка алынган балдар), ошондой эле балдар ата-энеси менен жашаган жана өз үй-бүлөсү жок 18 жаштан жогору, жалгыз бой энелер (аталары).

Жөнөкөй сөз менен айтканда, киреше аныкталган учурда үй-бүлөгө ата-эне жана балдар кирет. Сиздин учурда кошуна чиновниктин билдирүүсү такыр туура эмес, анткени сиздин үй-бүлөңүздүн кирешесине кайын атаңыздын кирешеси кошулбашы керек.

Комментарий калтыруу