ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:
🢬 Биринчи кезекте турак-жай алууда кимдин артыкчылыгы бар?
суроо; 2018-жылы шаар аймагында курулуп жаткан жаңы арзан көп кабаттуу үйлөрдү сатып алуу үчүн кайрылганбыз, бирок бизден кийин кайрылган жарандар алды, а биз алган жокпуз, биринчи кезекте ким алууга укугу бар?
жооп; Министрлер Кабинетинин No 14 токтомуна ылайык үй-жайы жок же ижарага алынган же эскилиги жеткен үйлөрдө жашагандар, бир үйдө башка үй-бүлө менен же башка үй-бүлөлөр менен жашагандар, көп балалуу энелер, I топтогу майып үй-бүлөлөр жеке адам биринчи кезекте турак-жайга укуктуу.
✅ Бул сизден кийин кайрылгандар жогоруда аталган категорияда болушу мүмкүн дегенди билдирет, себеби аларга сизден мурда турак-жай берилген.