ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:
Диатез же конституциялык аномалия – баланын организминин тигил же бул ооруга жакын болгон тубаса өзгөчөлүгү. Термин диатез - ар кандай ооруга жакын дегенди билдирет. Бул түшүнүк оору же синдром эмес, ал ооруга кабылып калышы баланын өзгөчөлүгү. Балдардын өнөкөт ооруларынын 90%га жакыны диатездин фонунда пайда болот.
Диатездин түрлөрү
Медицинада диатездин 20га жакын түрү бар. Ошол эле учурда балдардын айрым топторунда пайда болгон жеке көрүнүштөр бар. Балдардын конституциялык аномалияларынын төмөнкүдөй түрлөрү бөлүнөт:
-
экссудациялык-катаралдык;
-
Нерв-артриттик;
-
Лимфа-гипопластикалык.