Дүйнөдөгү эң жаш жана эң улуу студент тууралуу уктуңуз беле?

ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:

Дүйнөдөгү эң жаш жана эң улуу студент тууралуу уктуңуз беле?

🧑‍🎓 6 жаштагы студент

Бул куракта көпчүлүк адамдар дагы эле бала бакчага барышат. Бирок Жошуа Бекфорд 3 жашында англис тилин өздөштүрүп, 6 жашында Оксфорд университетине кабыл алынган. Атасы университеттин жетекчилигине кат жазып, баласынын укмуштуудай интеллекттүүлүгүн текшерүүнү өтүнөт. Сыноодон өткөн Жошуа философия жана тарыхты артыкчылык менен окуп жатат.

👵🏻 102 жаштагы студент

Кытайдын Шандун провинциясынын Цзинань шаарында жашаган чоң эне Ма Сюян өмүрүн оор жумушта өткөрүп, акыры бир кылымга келгенде жогорку окуу жайга тапшырган. Акыры, 2022-жылы Вейшан Роуд университетинде окуй баштаган. Бешиктен көргө чейин илим изде дегендей, байбичеге дипломдун ийгиликтүү болушун каалайбыз.

Комментарий калтыруу