Дүйнөдөгү эң эски жаныбар.

ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:

Дүйнөдөгү эң эски жаныбар.

Жонатан лакап аты бар таш бака жер жүзүндөгү эң эски жаныбар катары таанылган. Ал 2022-жылы 190 жашка чыгат. Ташбаканын салмагы 440 килограммды түзөт. Ал Ыйык Елена аралында жашайт. Окумуштуулар Жонатан 1832-жылы туулган деп эсептешет.

Ал 1882-жылы Ыйык Елена аралына алынып келингендиги тууралуу жазуулар бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган. Жонатандын замандаштары адатта орто эсеп менен 50 жыл жашашат. Ташбака өзү жашаган аралда 31 губернатор алмашканын көргөн, бул аралыкта АКШда 40 президент алмашкан.
Жонатан бүгүнкү күндө ветеринарлардын такай көзөмөлүндө жашайт.

Комментарий калтыруу