Дүйнөдө сатыкка чыккан биринчи уюлдук телефондун баасы канча?

ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:

Дүйнөдө сатыкка чыккан биринчи уюлдук телефондун баасы канча?

Моторола 1983-жылы уюлдук телефондорду чыгарган дүйнөдө биринчи компания болгон. Бул Motorola Dynatac 8000x уюлдук телефону дүйнөдө биринчи өндүрүлгөн уюлдук телефон эмес, бирок ал сатыкка чыккан биринчи уюлдук телефон болгон.

Бул телефондун салмагы 790 грамм, узундугу 25 сантиметр болгон. Анын толук кубаттуулугу 10 саатка жетип, сүйлөшүү убактысы жарым сааттан ашкан жок. Убагында мындай телефондор 3995 долларга сатылчу. Учурдагы эсептерде бул баа 10 000 доллардан бир аз азыраак.

Комментарий калтыруу