Тарыхта биринчи жолу адамдын ысык аба шарында учуп баратканы байкалган күн

ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:

21-ноябрь тарыхта биринчи жолу адамдын аба шарында учуп баратканы байкалган күн

Тарыхта биринчи жолу химик Жан-Франсуа Пилатр де Розье жана анын досу Маркиз Франсуа де Арландо бир тууган Монголфиялар жасаган шарда учууга жөнөштү. Ысык абага толгон шар 1783-жылдын 21-ноябрында Париждин батышындагы Шато-де-ла-Мюэттин бакчасынан учуп чыккан. Учкучтар 915 м бийиктикке чыгып, 25 км аралыкты 9 мүнөттө басып өтүштү, андан соң Фонтенбло жолунун жанындагы ачык талаага ийгиликтүү конушту. Учуу езунче эц керунуктуу окуя болду, ошондой эле химик-тердин алдыга койгон теорияларынын тууралыгынын далили катары да зор мааниге ээ болду.

Комментарий калтыруу