ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:
Англис тили программалоодо маанилүү болобу?
Кичинекей тесттен өтөлү, сиз тааныган дүйнөгө белгилүү 5 программист же IT бизнесменин эстеп көрөлү. Ошентип, алардын канчасы англисче сүйлөйт?
⠀
1️⃣ Ар бир программист кесипкөйлүк жактан өнүгүү үчүн өз тармагындагы лидерлерди ээрчиши керек. Көңүл бургула: Программалоо тармагындагы эксперттер англис тилинде сүйлөшөт. Ошондуктан күчтүү программисттердин кодун окугуңуз келсе, англис тилин билишиңиз керек.
⠀
2️⃣ Программалоону үйрөнүүдө бир гана булакка таянуу туура эмес. Тилди билсеңиз, Youtube аркылуу да көптөгөн суроолоруңузга жооп ала аласыз.
⠀
3️⃣ Программалоону үйрөнүү процессинде сизде көптөгөн суроолор пайда болушу мүмкүн. Мындай учурларда, программисттер үчүн атайын форумдар абдан пайдалуу болушу мүмкүн. Англис тилин билсең гана.
⠀
Сиз англис тилин канчалык деңгээлде билесиз? Өзүңүздү 5 баллдык шкала менен баалап, жоопту комментарийге калтырыңыз.