Кош бойлуу болуунун эң жөнөкөй сыры!

ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:

Аялдын этек кир циклинин белгилүү бир мезгилинде жумурткалык клеткалардын энеликтен жетилүүсү, жатын түтүкчөлөрүнө жайгашуусу жана уруктанууга даяр болушу овуляция деп аталат.
Аял үчүн овуляцияны билүү маанилүү.
Анткени овуляция болгон күнү жыныстык катнаштан кийин жана ага бир нече күн калганда жана андан кийин (эгерде башка факторлор жок болсо – мисалы, жыныстык жол менен жугуучу оорулар, кошумча контрацептивдерди колдонуу ж.б.) кош бойлуулуктун ыктымалдуулугу жогору.
Жубайлар овуляцияга жараша кош бойлуулуктан сактанышат, башкача айтканда овуляция күндөрү жыныстык катнашка барбоо же жыныстык катнашта болсо да презерватив колдонуу дегенди билдирет. Бирок овуляция качан болуп жатканын так билүү өтө кыйын.
Овуляцияны кантип аныктоого болот:
1. УЗИ диагностикасы аркылуу (эң так жол).
2. Овуляцияны аныктоочу тесттер (аптекада сатылат: овуляция тестиерге заара таштоо менен аныкталат).
3. Кан анализи.
4. Ректалдык (анус) температурага мониторинг жүргүзүү (мында көтөн чучуктун температурасы бир нече айга аныкталат. Ал үчүн ар күнү эртең менен турбастан ануска термометр коюлат жана 5 мүнөт кармалат. Суткалык температура катталат. Үзгүлтүксүз көтөрүлүү. Температуранын овуляция процессинин жакындап калганынан кабар берет.Температуранын эң жогорку деңгээлге көтөрүлүшү овуляциянын жакындап калганынан кабар берет.Температуранын көтөрүлүшү жана төмөндөшү овуляциянын өткөндүгүн билдирет.Эгерде температура жогору бойдон калса, анда кош бойлуулук болгон болушу мүмкүн.Бул Жыныстык органдарда инфекциялык оору болбосо гана ишенимдүү ыкма)
5. Кындын ичиндеги суюктук (овуляция учурунда жыныс кынынан бөлүнүп чыккан суюктук көбөйүп, чоюлуп, түсү жумуртканын агындай болот. Овуляция болгондон кийин жыныс кынындагы суюктуктун бир топ аз же таптакыр жок экендиги байкалат).
6. Оору (менструалдык циклдин ортосунда пайда болгон белдин, көкүрөктүн жана ичтин ылдый жагынын оорушу овуляциядан кабар бериши мүмкүн).
7. Кээ бир аялдар овуляция учурунда либидо (секс каалоосу) жогорулайт.
Овуляция күнүн эсептөө ыкмасы (овуляция болгон күнү жыныстык катнаштан баш тартуу же жыныстык катнаш учурунда презерватив колдонуу) ишенимсиз экендигине карабастан, аны көп адамдар колдонушат. Ал эми кош бойлуу болууну каалаган ар бир аял овуляция болгон күнү же бир нече күн мурун жана андан кийин жыныстык катнашка барышы керек.

Комментарий калтыруу