ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:
Дайыма тердөө ооруга жатабы?
⚡️ Чындыгында, тердөө эндокриндик бездердин иштешинен келип чыккан табигый процесс. Бирок, кадимкидей тердөө ар кандай оорулардан дагы келип чыгышы мүмкүн.
🔘 Алар организмдеги гормоналдык дисбаланс, диабет, богок, перифериялык кан тамыр жана нерв оорулары, жүрөк-кан тамыр оорулары, кээде рак, заара чыгаруу жолдору, дары же тамак-аштан уулануунун натыйжасында пайда болот.
🪢 Эгерде денеңиз белгисиз себептерден улам тердесе, кийимдериңиз дайыма суу болуп, жагымсыз жыт чыгып жатса, анда адиске көрүнүшүңүз керек.
✅ Туруктуу тердөө үчүн дарылоо ыкмалары жок. Тердөө кандайдыр бир оорунун кесепети деп аныкталганда, тиешелүү дарылоо чаралары пландаштырылат.