Эмне үчүн туруктуу тиштер кыйшык болот?

ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:

Эмне үчүн туруктуу тиштер кыйшык болот?

Балдардын тиштери 6 жаштан баштап түшүп, ордуна туруктуу тиштери чыга баштайт. Ошол эле учурда баланын тиштерин тиш доктурга көрсөтүү маанилүү.

Анткени бир нече факторлор тиштин кыйшык болушуна алып келет.

1. Тамакты чайноодогу көйгөйлөр. Балдарды көпкө чайнаганга үйрөтүү керек, бир тарабы менен экинчи тарабын алмаштырып.

2. Ошол эле учурда баладагы өсүү интенсивдүүлүгүнөн минералдык заттар азайып, тиштин түз чыгышына тоскоол болот.

3. Ошондой эле баланын кыймылдап турган тиштерин албашынан же толук кыймылдай элек тиштерин тынымсыз жулуп салууга аракет кылуусу себеп болот.

4. Бала колун соруп же соска сорсо.

5. Ата-энесинин тиштери кыйшык.

6. Баланын жаак түзүлүшү генетикалык жактан туура эмес.

Урматтуу ата-энелер, баланын тиштерин өзүм билемдик менен жулуп салууга болбойт, аны тиш доктурга алып баруу зарыл.

Тиштер кыйшык болсо, аны оңдоонун жолдорун табуу үчүн сөзсүз түрдө стоматологго кайрылыңыз.

Баса, балдарга тиштерин дайыма жууш керектигин жана эмне үчүн тазалоо керектигин үйрөтүңүз. Аларга щетка жасоону кызыктуу кылыңыз же бардыгыңыз чогуу щетка кылыңыз.

Булак: педиатр Нур Олимовна

Комментарий калтыруу