ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:
АЙЛЫКТЫ УБАГЫНДА БЕРБЕГЕН
⚡️СУРОО;
Мен иштеген мекемеде 2 айдан бери айлык маянасы бериле элек. Иш берүүчүгө кайрылсак, «муну берем, муну берем» деп айта берет. Айлык төлөбөй басып жүргөн туурабы?
⚡️ЖООП;
Эмгек кодексинин 161-беренесинде эмгек акыны төлөө шарттары жамааттык келишим же башка жергиликтүү ченемдик документ менен аныкталат жана жарым жылда бир жолудан кем болбоого тийиш деп жазылган. Ушул Кодекстин 154-статьясында иш берүүчү анын материалдык абалына карабастан кызматкерге аткарган иши үчүн жогоруда 161-статьяда көрсөтүлгөн мөөнөттө акы төлөөгө милдеттүү экени белгиленген.
✅ Норма түшүнүктүү. Түшүнүүгө кыйын эч нерсе жок. Демек, жумуш берүүчү (акчасы бар-жокпу) айына эки жолу маянаны өз убагында төлөөгө милдеттүү.