1-майдан тарта пенсия менен жөлөк пулдун өлчөмү көбөйөт

ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:

1-майдан тарта пенсия менен жөлөк пулдун өлчөмү көбөйөт

Президент Шавкат Мирзиёев “Калкты социалдык жактан колдоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду (https://t.me/Press_Secretary_Uz/1661). Жарлыкка ылайык, 2022-жылдын 1-майынан тартып Өзбекстан Республикасынын аймагында:

- пенсияны эсептөөнүн базалык суммасы - айына 324 000 сум;
- карылык боюнча пенсиянын минималдуу өлчөмү - айына 633 000 сум;
- майыптыгы боюнча пенсиялар, анын ичинде эмгек стажы толук эмес болгон учурда майыптык боюнча пенсиянын минималдуу өлчөмү - айына 698 000 сум;
- эмгекке жарамсыз жарандарга жана бала кезинен майыптарга пособиелердин өлчөмү - айына 698 000 сум;
- зарыл болгон стажы жок улгайган жарандарга жөлөкпулдун өлчөмү - айына 500 000 сум;
- толук эмес эмгек стажына карылык боюнча пенсиянын минималдуу өлчөмү, анын ичинде кошумча төлөм - айына 500 000 сум;
- карылыгы боюнча пенсиянын минималдуу өлчөмүнөн 698 000 сомго чейин, пенсионерлердин карылыгы жана майыптыгы боюнча пенсияларынын өлчөмү айына 698 000 сумга чейин.

© Алишер Садуллаев

Комментарий калтыруу