12-август - Гандимиян келишимине кол коюлган күн

ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:

Бугун, 12-август — Гандымиян келишимине кол коюлган кун

Гандимиян келишими - 1873-жылдын жазында орус аскерлери Хиваны басып алгандан кийин 1873-жылдын 12-августунда Россия менен Хива ханы Мухаммад Рахим хан II ортосунда Хивага жакын Гандимиян кыштагында келишим түзүлгөн.
Келишим боюнча хан орус падышасынын вассалы болуп, өз алдынча тышкы саясат жүргүзүү укугунан ажыратылган. Амударыянын оң жээгиндеги жерлер Россияга өтүп, анда Амударыя департаменти түзүлүп, Түркстан генерал-губернаторлугуна киргизилген.
Орус өнөр жайчылары жана соодагерлери хандыктын бардык аймагында алымсыз соода жүргүзүүгө, жер сатып алууга, өнөр жай ишканаларын курууга укук алышкан.
Жергиликтүү соттор орус жарандарын соттой албай калды. Андан тышкары Хан орус өкмөтүнө 2 млн. 200 миң рубль компенсация төлөп берүүгө милдеттенген.
Ошентип, Хандимийян келишими Хива хандыгын Россиянын колониясына айландырган.

Комментарий калтыруу