ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:
Сиз фамилияны, атты жана атасынын атын өзгөртүү жол-жобосун билесизби?
- Үй-бүлө кодексинин 226-беренесине ылайык, фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүү жашы 16 жаш.
- Бул кызматты жашаган жери боюнча Жарандык абалдын актыларын каттоо кызматы көрсөтөт.
- Атын өзгөртүү адамды Ички иштер министрлиги текшергенден кийин жүргүзүлөт.
- Эгерде Жарандык абалдын актыларын каттоо кызматы сиздин аты-жөнүңүздү өзгөртүү боюнча арызыңызды четке какса, анда сотко кайрылсаңыз болот.