ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:
БАЛГА АТЫ КОЮУНУН ТАРТИБИ КАНДАЙ?
📃 Үй-бүлө кодексинин 69-беренесине ылайык, бала атка, атасынын атына жана фамилиясына укуктуу.
✅ Баланын аты ата-эненин макулдашуусу боюнча, ал эми атасынын аты атасынын атына жараша коюлат.
✅ Баланын фамилиясы ата-энесинин фамилиясына жараша аныкталат. Ата-энелердин фамилиялары ар башка болгон учурда балага ата-энесинин макулдашуусу боюнча атасынын же энесинин фамилиясы берилет. Ата-эненин каалоосу боюнча балага улуттук каада-салт боюнча атасы же апасы чоң атасынын атына жараша фамилия бере алат.
❗️Ата-эненин ортосунда баланын аты же фамилиясы боюнча макулдашуу жок болгондо, келип чыккан чыр-чатактар камкорчулук жана патронаждык орган тарабынан чечилет.