ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:
YPX кызматкери (GAI) кандай шартта айдоочуларды токтотууга укуктуу?
- Айдоочу тарабынан жол кыймылынын эрежелеринин бузулушу визуалдык байкоо жолу менен аныкталганда же атайын шайман (камера 😁) колдонулуп жазылса;
- унаа каражаты, айдоочу же жүргүнчү изделүүдө;
- жол кырсыгын көргөн айдоочу же жүргүнчүдөн жол кырсыгынын чоо-жайын тактоо зарылдыгы келип чыкканда;
- Маалымат үчүн айта кетүүчү нерсе, унаа токтотулганда айдоочу жол кайгуул кызматынын кызматкери аялдаманын жайгашкан жеринде кызмат өтөп жаткандыгын билдирип, дислокациянын көчүрмөсү менен Ички иштер министрлиги тарабынан белгиленген формада таанышса болот.