Бала эмизген аял кош бойлуу болсо, эмизүүнү токтотуу керекпи?

ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:

Бала эмизген аял кош бойлуу болсо, эмизүүнү токтотуу керекпи?

💁🏻‍♀ Белгилүү болгондой, эмчек эмизүүнүн (айды көрбөй) себеби, көпчүлүк энелердин кош бойлуулуктан сактануу жөнүндө ойлогон да эмес.
Негизи баланын күнүмдүк рационуна кошумча азыктар кошулаары менен организмде овуляция калыбына келет (шексиз). Бул күтүлбөгөн кош бойлуулуктан сактануу керек дегенди билдирет.

👩🏻‍⚕ Сөз педиатрга!
Аял мөөнөтүнөн мурда кош бойлуу болгондо, эмизүү процесси өзүнөн-өзү токтоп калбайт – эне кандай болгон күндө да баласын колунда эмизүүгө аргасыз болот.
Ал эми кош бойлуу эненин сүтүндөгү лактозанын көлөмү гормоналдык өзгөрүүлөргө байланыштуу азаят. Натрий болсо орточо болуп, натыйжада эмчек сүтүнүн даамы өзгөрөт (б.а. таттуусу азыраак болот). Бала сүттүн жаңы даамын жактырбаганда, эмчек эмизүүдөн баш тартып, жиндене баштайт.
Кошумчалай кетсек, эмчек эмизүү учурунда кош бойлуу болгон аялдардын 70% эмчек сүтүнүн көлөмү азайган. Ошондуктан эки учурда тең балага кошумча тамак, сүт берүү зарыл.

☝️Биз муну сунуштайбыз...
Кош бойлуу жана эмчек эмизүү мезгилинде аялдын организминде физикалык, психикалык жана гормоналдык өзгөрүүлөр болот. Эмчек эмизген аял кош бойлуу болуп калса, дарыгерге кайрылып, андан ары эмне кылуу керектиги боюнча “жакшы” кеңеш алуусу керек.
Ошондой эле бир катар кооптуу жагдайларды көз жаздымда калтырбоону сунуштайбыз.
Тагыраак айтканда, бала эмизбей калганда эненин организми окситоцин гормонун чыгара баштайт. Бул гормон жатындын жыйрылышына себепкер болгондуктан, боюнан түшүп калуу коркунучу бар.

💁‍♀ Негизинен бул маселе боюнча гинекологдордун эки башка пикири бар:
Биринчиден, окситоцин гормону түйүлдүк 20 жумалык болмоюнча кош бойлуу аялдын организмине таасир этпейт.
Экинчиси, кош бойлуу аялдын биринчи баласын эмизүүсү энеге да, курсактагы балага да коркунучтуу. Жатын миомасынан жапа чеккендерге жана мурда боюнан түшүп калгандарга өзгөчө этият болуу керек. Кыскасы, түйүлдүк экинчи триместр болгонго чейин биринчи баланы эмизбеген жакшы.

🤰🏻 Эми үчкө жейли!
Эми бала эмизген жана ошол эле учурда кош бойлуу аял үч адамды накталай тамактанышы керек. Кош бойлуу эгиздер сыяктуу эле аш болумдуулугу жогору тамактарды жеш керек.Айрыкча биринчи триместрде токсикоз байкалса, өтө этият болуу сунушталат.
Аялдын организми алгач түйүлдүктү, анан эмизген баланы, акырында өзүн өзү дарылайт.
Рациондо витаминге бай азыктардын жетишсиздиги балдардын өсүп-өнүгүшүндө байкалат.
Башкача айтканда, аларда авитаминоз жана ага байланыштуу ооруларга чалдыгышы ыктымал. Аялдарда гемоглобиндин азайышы темирдин жетишсиздигине жана өнөкөт гипоксияга алып келет.

🍼 Кошумча тандоодо адашпаңыз!
Балаңызды эмчектен чыгарууну чечкенден кийин, муну акырындык менен жасоо керек. Муну экинчи балаңыздын төрөлүшү күтүлгөнгө чейин жок дегенде эки-үч ай мурун жасоону сунуштайбыз.
Анткени бул мезгилде бала эненин эмчегин бир аз унутат. Биринчиден, күндүз эмчек эмизүүдөн баш тартуу, балага кошумча тамак берүү керек.

Анан эртең менен жана кечинде эмчек эмизүүнү акырындап чектөө керек. Албетте, балага кошумча тамак бергенде диарея, аллергия сыяктуу кээ бир көйгөйлөр байкалат.
Андыктан балаңызга тамак тандоодо педиатрга кайрылууну сунуштайбыз.

Эмчек эмизүүнү азайткан сайын, сүтүңүз да азаят. Андай болбосо, врачтын кеңешине ылайык, лактацияны бөгөттөөчү дарыларды колдонууну сунуштайбыз...

Комментарий калтыруу