ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:
❓Балдарга канча жаштан балмуздак берсе болот?
🍦Биз педиатрлар балдарга үч жашка чейин балмуздак берүүнү сунуштабайбыз. Анткени үч жашка чейинки балдардын ичеги-карын жолдорунун кээ бир функциялары толук калыптана элек. Тамакта жергиликтүү иммунитеттин жоктугунан тамак ооруйт. Балдардын тамак сиңирүү системасы сүттү жакшы сиңирет, бирок балмуздактын курамындагы башка кошумчалар анын салмагын азайтат.
🍧 Балдар үчүн балмуздак тандоодо курамында кант жана майы аз, консерванттары, боёктору жана даамдары жок балмуздактарды тандоо керек.
❗️ 6-7 жашка чейинки балдарга эриген балмуздак берүү керек. Ошондо сиз мүмкүн болгон тамак оорунун алдын аласыз.
© Доктор Мухторов