ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:
АЛИМЕНТ АЛГАН ЭНЕ БАЛАСЫНЫН ТӨЛӨМҮН АЛА АЛАБЫ?
⚡️СУРОО;
Мен үй-бүлөм менен ажыраштым. Жолдошум учурда эки балага алимент төлөп жатат. Мен алган алименттин айынан балага алимент алууга укугум жокбу?
⚡️ЖООП;
Өкмөттүн No654 токтому менен бекитилген жобого ылайык, алынган алимент үй-бүлөнүн орточо айлык жалпы кирешесин эсептөөдө эске алынат.
✏️ Жогорудагы норма боюнча үй-бүлөгө балага жөлөк пул берүү үчүн алынган алиментти киреше катары эсептөө туура, бирок алимент алынгандыктан балага жөлөкпул берилбейт деген жер мыйзамда жок. Алынган алиментти сиздин үй-бүлөңүздүн башка кирешеси менен эсептегенде ал бир адамга 498 миң сомдон ашпоого тийиш.