ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:
❓ Мурдунан кан агуунун себептери эмнеде?
➥ Мурдунан кан агуу да олуттуу оорулардын белгиси болушу мүмкүн. Көпчүлүк адамдар мурундан кан агууга көңүл бурушпайт. Эгерде мурундун каны убагында токтотулбаса, ашыкча кан жоготуудан улам өлүмгө алып келиши мүмкүн.
➥ Мурдунан кан агуунун себептери:
_ мурундун дубалы жана кан тамыр оорулары;
_Суюк жана коюу канды камсыз кылуучу системалардын бузулушу менен коштолгон кан оорулары;
_Кан басымдын жогорулашы;
Боор жана бөйрөк оорулары.
➥ Ошондой эле мурундан кандын келип чыгышына кан жана боор оорулары же кан басымы көтөрүлсө, аларды убагында дарылабай коюу оорунун оор кесепеттерин жаратат.