Баланы биринчи жолу качан жууш керек?

ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:

1. Баланы биринчи жолу качан жууш керек?

Кээ бир педиатрлар наристенин киндиги түшмөйүнчө ваннага жуунууга болбойт дешет. Башка педиатрлар баланы төрөлгөндөн баштап киндигине карабай жуунтуу туура деген пикирде. Сезимдериңизге жараша жол тандай аласыз. Албетте, эгер наристе сиздин биринчи балаңыз болуп, киндик үчүн бир аз тынчсызданып жатсаңыз, анда баланын денесин киндиги түшкөнчө (күн сайын) чылап койбой, жылуу сууга малынган жумшак чүпүрөк менен сүртүп туруу керек. Киндиктин тегерегин акырын сүртүңүз.

Эгер сиз заманбап эне болсоңуз, өзүңүзгө ишенген жана жуунуудан коркпогон болсоңуз, анда балаңызды оңой эле жуунта аласыз. Жуунугандан кийин эле киндикти жана анын тегерегин жумшак сүлгү менен кургатуу керек. Киндиктин суу болушу таптакыр мүмкүн эмес.
2. Чөмүлтүлүү учурунда баланы кантип жууш керек?
Баланы ушалап, жууп салбаңыз. Жөн гана сууну денеге сыйпалап, бир аз самын сүйкөп, тез жууп саласыз. Денеге чейин башты жууп, аарчыгандан кийин калпак кийүү керек, суук тийбеши үчүн.
3. Бетти кантип жууш керек?
Баланын жүзү абдан жумшак болот. Жуунуп жатканда эмес, жатып алып жылуу сууга малынган жумшак сүлгү менен акырын сүртүңүз. Мынчалык акырын баспай, көздү ичинен сыртына сүртүңүз.
4. Баланын кулагын, мурдун тазалоо керекпи?
Атайын кебез тампондор менен кулактын артын гана сүртсө болот. ЭЧ КАЧАН таякчаларды кулакка салууга болбойт. Мурунду тазалоо үчүн таякчаларды мурундун учуна алып келип, акырын тазалаңыз. Эгер мурунга бир нерсе чогулуп калса, мурундун учундагы таякчага жарым-жартылай болсо да тыгылып чыгат. Таяк салбаңыз.
5. Бала канча жолу чөмүлтүлүшү керек?
Кышында жумасына эки жолу келет. Ал эми колтук, кулактын арткы, моюн, буттун ийилген жерлери, памперс кийген жерлерди күн сайын жакшылап тазалап (нымдуу салфетка менен сүртүп) туруу керек. Жаңы төрөлгөн ымыркайлардын жерлери абдан жумшак жана тез кесилип кетет.
6. Самынды колдонуу зарылбы?
Баланын бүт денесине самынды колдонуу зарыл эмес. Жалаяктын ордуна тери көп чыгып турган жерлерге колдонсо болот. Жумасына бир же эки жолу башыңызды жууп туруу жетиштүү. Самынды колдонуудан мурун баланын ага аллергиясы бар-жогун текшериңиз. Алгач баланын денесинин бир аз жерин жаңы самын менен жууп, 1-2 күн байкоо жүргүзүү керек. Эгерде исиркектер, кызаруулар жок болсо, анда самын балага жакшы болду. Балдар үчүн атайын жасалган самынды колдонуңуз.
7. Май жана майлоо керекпи?
Кээ бир балдардын приспика порошокунан аллергиясы бар. Майды колтукка, чыканактын ийилген жерлерине жана башка ийилген жерлерге сүйкөсө болот. Бирок косметикалык май эмес, өзүңүз даярдаган атайын зайтун майын колдонуңуз.
8. Бала жуунуп жатканда бакырып ыйлайт, эмне үчүн?
Эгерде кыйкырып, ыйлоонун башка олуттуу себеби жок болсо, баланын ыйлашынын негизги себеби анын коркуу болуп саналат.Бул коркуу көбүнчө жуунуп жаткан ата-эненин дүрбөлөңүнөн пайда болот.Жаңы ымыркайды жуунтуп жатканда көптөгөн аталар-энелер дүрбөлөңгө түшүшөт. "Мен туура кылып жатамбы?", "Жыгылбаймбы?" Ошондуктан, тынчтанып, ыр ырдап же бала менен сүйлөшүп, баланы кучагыңызга (толкунданбай) кармап, баланы жуунтуңуз.
Дагы бир сыр, баланын колуна кичинекей таза салфетка коюп коюңуз, көп учурда бул баланын ыйын токтотуу үчүн жетиштүү.
Эсиңизде болсун! Жунуунун алдында баланын таза кийимдерин, сүлгүлөрүн, памперстерин, салфеткаларын жана башка керектүү буюмдарды даярдаңыз.

Комментарий калтыруу