ДОСТОР МЕНЕН АКЫСЫЗ:
Балдарга ич алдырма (ич алдыруучу) катары берилген Дуфалакты (лактулоза) кандай дозаларда колдонуу керек?
💠3 жашка чейинки балдар үчүн - баштапкы дозасы 5 мл, колдоочу дозасы 5 мл
💠3 жаштан 6 жашка чейинки балдарга - баштапкы дозасы 5-10 мл, колдоочу дозасы 5-10 мл.
💠7 жаштан 14 жашка чейинки балдар үчүн - баштапкы дозасы 15 мл, колдоочу дозасы 10 мл
💠14 жаштан жогорку балдар үчүн - баштапкы дозасы 15-45 мл, колдоочу дозасы 10-25 мл.
❗️Дары суткасына бир жолу, эртең мененки тамакка кабыл алынат!
Дозаны 2 күндөн кийин азайтууга болот, башкача айтканда, лактулозанын клиникалык эффектиси пайда болгондон кийин!
Ичеги дисбактериозун дарылоо үчүн төмөнкү дозада кабыл алынат:
💠1 жашка чейинки балдарга - 1,5-3 мл
💠1 жаштан 3 жашка чейин - 3 мл
💠4 жаштан 5 жашка чейин - 5 мл
Бала 7 жаштан улуу балдар үчүн - 10 мл
🛑 Эскертүү! Жогорудагы дозалар маалымат үчүн гана! Препараттын дозасы баланын абалына жараша педиатр тарабынан жекече аныкталат!
© Доктор Мухторов